“Бишкекбашкыархитектура” МИсинде мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой
эле “Кадастр” ММБФнын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.
“Бишкекбашкыархитектура” МИсинен ишкананын жетекчисинин орун басары
Нурдин Есенбаев, жеке турак жай курулуш бөлүмүнүн башчысы Насипбек
Маматисаев жана башка адистер катышышты. Кезектеги жыйын жер мунапысына
атап айтканда, документтерди даярдоодо кызматтар туш болуп жаткан
көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө арналды.
Жолугушуунун соңунда ыкчам жана натыйжалуу иштөө чечими кабыл алынды.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.