Жума сайын жер маселелери боюнча жарандарды жеке кабыл алууну
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун басары, Данияр
Бапышов өткөрдү.
Борбор калаанын 20га жакын тургуну мекеменин жетекчилигине кеңеш
сурап келишкен ошондой эле жеке турак-жай курулуш бөлүмүнүн
кызматкерлери да жыйындар залында кеңеш беришти.
Мисалы, Ак-Бата конушунун тургуну анын участогуна чыгып,
коңшусу менен чек арасын аныктоону суранды, анткени анын пикиринде
чектен чыгып кеткен.
Борбор калаанын тургуну кошумча жер участогун бөлүп берүү
өтүнүчү менен кайрылган.
Ошондой эле, жер мунапысына байланыштуу маселелер айтылды.
Жолугушуу учурунда бардык келгендер өздөрүнүн суроолоруна жооп ала –
алышты.