“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар залында
коомдук бирикменин өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык органдар
менен жолугушуу болуп өттү.Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо
башкы башкармалыгынын (ИИМ ЖКККББ), “Бишкексфальтсервис”
муниципалдык ишканасынын, Бишкек мэриясынын шаардык чарба
департаментинин өкүлдөрү аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча
өздөрүнүн көз караштары жөнүндө айтып беришти. Талкууга жол-
транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеменин башкы
инженери, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура”ММнын сырткы
жарнама жана шаарды көркөм жасалгалоо бөлүмүнүн адистери катышты.
Коомдук бирикменин өкүлү светофор объекттеринин дизайнын
жакшыртуу боюнча сунушталган варианттарды көрсөттү. Ал коңшу
өлкөлөрдүн мисалында светофордун таянычына жана светофордун өзүнө
орнотуу үчүн эскертүүчү белгилерди азыркыдай эмес жолдун ортосуна
жакыныраак, орнотууну сунуштайт.
Өз кезегинде “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальнигинин орун
басары, Марат Жороев мекеменин кызматкерлери бул маселени изилдеп
чыгышканын айтып, ал башкаларга окшош эмес уникалдуу дизайнды гана
эмес, борбор калаадагы жолдорду жөнгө салуу системасын жакшыртууну да
чогуу карап чыгууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында, бир жумадан кийин кайрадан чогулуп,
даярдалган эскиздик сунуштарды дыкат талкуулоо чечими кабыл алынды.