“Бишкекбашкыархитектура” ММнын базасында өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам топ түзүлдү.
Жыйындар залында мекеменин жетекчилиги жана жооптуу
кызматкерлер өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам топ кандай иш алып барарын жана кандай чаралар көрүлөрүн айтып беришти.
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жана шаардын калкын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо максатында, ошондой эле, Кыргыз
Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругуна ылайык эвакуациялык комиссия түзүлгөн.
Өзгөчө кырдаал болгон учурда (жер титирөө, имараттар жана
курулмалар ураганда, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал) түзүлгөн комиссия курамына мекеменин башкы инженери, бөлүмдөрдүн адистери жана Бишкектин райондорунун башкы архитекторлору жарандык коргоонууну уюштурууга жана өткөрүүгө тийиш.Белгилей кетсек, мекемеде өрт өчүргүчтөр жаңыртылып, эвакуация эшиктери текшерилди.