Бишкектин Биринчи май районунун башкы архитектору Дастан Кадыров Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Дамира Жолдошалиева уюштурган көчмө жыйынга катышты.
Жолугушууга Бишкек мэриясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышышты. Лев Толстой, Фатьянов, Логвиненко жана Оренбург көчөлөрү менен чектелген аймакты кыдыруу учурунда кызматтарга ар кандай тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, “Бишкекбашкыархитектура” ММсы Лев Толстой көчөсүндөгү өткөөлдү көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдайт.