“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги,
Бишкек шаарынын мэри менен бирге шаардык кызматтардын өкүлдөрү
менен болгон жакынкы убактагы кыдыруусунда Министрлер Кабинетинин
төрагасы, Акылбек Жапаровдун айткан эскертүүлөрү боюнча билдирет.
Жолугушууда, шаардык чарба департаментинин жетекчилиги,
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын техкөзөмөлүнүн
адиси, инженер, участоктун начальниги жана смета түзүүчүлөр бардык
сунуштарды жана сын-пикирлерди жазып чыгышты. Жакынкы арада
эсептөөлөр даярдалып, Бишкек мэриясына өткөрүлүп берилет.
Өз кезегинде Бишкектин башкы архитектору, отургучтарды,
урналарды, жол чырактарды жана архитектуранын башка элементтерин
жаңылоо боюнча сунушталган варианттарды жооптуу адамдарга тапшырды.
Эске салсак, 2023-жылдын 4-апрелинде Министрлер Кабинетинин
төрөгасы, Акылбек Жапаров Бишкектин бир нече көчөлөрүн кыдырып,
адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн шарт түзүүнү талап кылган.