Бишкек шаарынын Башкы архитектору, Урмат Карыбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен абанын сапатын жакшыртуу долбоору боюнча жолугушту.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын, жаратылыш
министрлигинин өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин алдындагы гидрометборбордун адистери, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектуранын”
начальнигинин орун басары-Марат Жороев, башкы инженер-Махабат Шамбетова жана жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги- Нурдин Есенбаев катышышты.
Негизги маселе, абанын булганышы боюнча келечекте алты
автоматтык станцияларды орнотуу үчүн ылайыктуу жерлерди табуу.
Адистер белгилегендей, бул жабдуулардын жардамы менен атмосфералык абаны анализдөөгө, болжолдоого жана мониторинг жүргүзүүгө болот.
Долбоордун экинчи компоненти энергиянын альтернативдүү
булактарына өтүүнү карайт, анткени изилдөөнүн натыйжалары абанын булганышынын негизги булагы жеке үй- чарбалары экенин көрсөттү.
Гидрометборбордун адистери мекеменин жетекчилигине абанын
булганышынын картасын көрсөтүштү.
Жолугушуунун соңунда, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик
мекемеси бир жумалык мөөнөттө станцияларды орнотууга мүмкүн болгон 6 орун боюнча сунуштарды даярдайт деген чечим кабыл алынды.