“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жыйындар
залында Жогорку Кеңештин депутаты, Дастан Бекешев, Бишкектин башкы
архитектору, Урмат Карыбаев менен анын орун басарлары жана мекеме
кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темасы, 10-кичи районундагы 23, 24,25 жана 30
үйлөрдүн жанындагы участокторду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу
үчүн документтерди даярдоо болду.
Бул участокту өткөн жылдын аягында Бишкек шаарынын мэриясы
Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине көрктөндүрүү жана
жашылдандыруу менен спорттук аянтчаны уюштуруу үчүн мөөнөтсүз
пайдаланууга бергенин депутатка айтышты. Белгилей кетсек, бак-дарактарды
сугаруу үчүн сугат иши каралган.
Депутаттын айтымында, эскиздик долбоорду жеке компания даярдаган,
өз кезегинде “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси
презентацияны көрүүгө жана долбоорду тезирээк ишке ашырууну баштоо
үчүн ыкчам макулдашууга даяр. Жолугушуу аяктагандан кийин, кийинки
жумада дагы бир жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.