Мэриянын тапшырмасы боюнча “Бишкекбашкыархитектуранын” адистери аны көркүнө чыгаруунун долбоорун иштеп чыгышты. Заманбап архитектуранын көз карашы менен алганда долбоор абдан кызыктуу жасалды.
Аталган аймакта асфальт алмаштырылып, төшөмө таш коюлат. Түнкү жарыктандыруу, өтө чоң эмес фонтан, отургучтар жана балдар аянтчасы жасалып, бактардын бир нече түрү отургузулат. Башкача айтканда коомдук бакчада чоңдор менен балдар каалагандай эс алып кетүүсү үчүн жакшы шарттар түзүлөт.
Мындай жерлер Бишкекте аз эмес. ББАнын “Урбанистика жана эл үчүн шаар” деген программасы бар. Ага ылайык биз шаарга тийиштүү кызматтар менен биргеликте акырындык менен борбор калаадагы каралбай калган бардык жерлерди көрктөндүрүүнү улантабыз.