“Бишкекбашкыархитектура” ММсы Бишкекте кубаттоочу (дүрмөт) түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн 10 жерге (локация) уруксат берүүчү документтерди иштеп чыкты.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасы Бишкекте электромобилдер үчүн кубаттоочу түзүлүштөрдү пилоттук долбоордун алкагында орнотуу боюнча маселени чечүүдө ишти активдүү улантууда.
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин башкы инженери Махабат Шамбетова ар кандай министрликтердин, ведомстволордун жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте кубаттоочу түзүлүштөрдү өндүрүүчүлөр менен таанышууну улантууда.
Кыска убакыттын ичинде алар катышуучулардын тизмесин аныктап, өтүнмөлөрдүн ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүштү, аталган иш-чараны ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди: биринчи этапта “Бишкекбашкыархитектура” ММсы шаардын муниципалдык унаа токтоочу жайларында электромобилдер үчүн кубаттоочу орнотмолорду жайгаштырууга жана электр менен жабдууга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыкты.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү Бишкек мэриясынын аймагында алгачкы эки электр кубаттоочу орнотмолорду орнотуу башталат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.