Белгилүү архитектор, Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин төрагасы
Абдразак Мокенович Мокенов 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Абразак Мокенов 1936-жылы Ысык-Көл областынын Түп айылында туулган.
1962-жылы Москва архитектура институтунун шаар куруу факультетин
бүтүргөн, архитектор.
Ал өзүнүн чыгармачылык ишин 1962-жылы “Киргизгипрострой” МДИсинде
баштап, ал жерде ар кандай кызматтарда иштеген.
1976-жылы – Кыргыз ССРинин Мамкурулушунун төрагасынын биринчи
орун басары;
1980-1985-жылдары – эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин
төрагасы;
1985-жылдан Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин аппаратында
жооптуу кызматкер.
1963-жылдан СССР Архитекторлор Союзунун мүчөсү,
Абдразак Мокенов Эл достугу ордени менен (1984), Эмгектеги эрдиги үчүн
медалы менен сыйланган.

В.И. Лениндин туулган күнүнүн100 жылдыгын белгилөөдө (1970) Кыргыз
ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен (1974), “Киевдин
1500 жылдыгын эскерүү” мааракелик медалы менен (1982) сыйланган.

Узак убакыт бою аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген, Кыргыз
ССРинин аймагында шаар куруу саясатын жүзөгө ашыруучу архитектуралык
органдарда жооптуу кызматтарды жетектеген.
Акыркы бир нече жыл аралыгында ал Бишкекбашкыархитектурага көп
келип, ал жерде Бишкектин өнүгүшүнө байланыштуу жыйындарга активдүү
катышчу.
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана
жамааты үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ушундай жакшы
адамды жоготконубуз өкүнүчтүү.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.