Президенттин тапшырмасы
боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жеке менчик укугу
жөнүндө мамлекеттик актыларды берүү боюнча маселелерди ыкчам
чечүү тапшырмасы берилди.
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын жетекчилиги жана жеке турак
жай курулуш бөлүмү мөөнөтүнөн ашык иштеп жатышат, мындан
тышкары азыркы учурда башка бөлүмдөр да жарандардын өз
участокторун тезирээк мыйзамдаштыруусу үчүн архитектуралык-
техникалык корутундуларды даярдап жатышат.
Бүгүнкү күндө, “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө 200-300 дөй арыз
келип түшөт, иш токтоп калбашы үчүн мен, жеке турак жай
курулуш бөлүмүнө атайын келип ошол жерден кол коюп, мөөр
басып жатам. Андан кийин, даяр архитектуралык-техникалык
корутундуларды “Бирдиктүү терезеден” беребиз.
Бизге арыз менен келген тургундарды, түшүнүү менен мамиле
кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем, биз суроолоруңузду оң
чечүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Дагы бир жолу
рахмат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.