Үстүртөн аталган Жобонун негизинде Мекеме тарабынан Корутундуларды даярдоодо документтердин толук пакетин чогултуу үчүн каралып жаткан жер тилке жана турак-жай курулушуна чектөөлөрдүн болушун же жок экендигин аныктоочу маалымат алуу максатында Кадастр ММБФ өтүнүч кат жөнөтүлөт. Негизинен, учурда даярдалып жаткан Корутундулардын Комиссиянын карамына жетпей, кармалып жаткандыгынын бирден-бир себеби болуп дал ушул өтүнүч катты арыз ээлери өз убагында камсыздабагандыгынан болуп жаткандыгына байланыштуу болууда. Учурдан пайдаланып шаар тургундарына кайрылуу жасап кетет элем. Урматтуу шаар тургундары жана арыз ээлери! Кыргыз Республикасынын Президентинин Жер тилкелерине мунапыс жарыялоо мыйзамы убактылуу 2 жылдык мөөнөт менен чыккандыгына байланыштуу суралып жаткан өтүнүч катты туура түшүнүү менен кабыл алып, канчалык өз убагында камсыздап берсеңиздер ошончолук тездикте Комиссиянын карамында каралып, жер тилкесине Мамлеккеттик Актты же болбосо Кызыл китептериңиздерди тез арада алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Ошол себептен арыз ээлерин бул багытта активдүү болууга чакырат элек. Жер мунапысы боюнча кошумча маалымат алууну каалагандарга Турусбеков көчөсү 10 дарегинде жайгашкан “Бишкекбашкыархитектура” ММ “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө иш күндөрү саат 8:30дан 16:00гө чейин кайрылууңуздарды сунуштайбыз. Ошол эле убакта белгилей кетсек, аталган Жобонун 4-пункттуна ылайык Жер мунапысы төмөнкүлөрдүн коопсуздук же коргоо зоналарына өзүм билемдик менен курулган жер участокторуна жайылтылбайт: – газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдү, мал көмүлгөн жерлерди, таштандыларды коргоо зонасында; социалдык-маданий, тиричилик багытындагы объектилерди куруу үчүн арналган жерлерге; калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерине; – экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, аларга карата сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын зонасына кирген жер участокторуна, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объектилери, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери бар жер участокторуна, маданий жана эс алуу парктарына, ботаникалык паркка; – “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” жана “Суу фондунун жерлери” категорияларындагы жер участокторуна, ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум чарбалардын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илимий-изилдөө мекемелеринин жер участокторуна.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.