Ошондой эле, жолугушууга “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик
мекемесинин начальнигинин орун басары Данияр Бапышов, жеке турак жай
курулуш бөлүмүнүн начальниги, Жеке турак жай курулуш департаментинин,
“Кадастр” БФнын жетекчилиги жана адистери, Бишкек шаарынын
мэриясынын райондук администрацияларынын жетекчилери, ошондой эле
“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнүн
начальниктери жана адистери катышышты.
Жерге мунапыс берүүнүн жүрүшүндө бир жагынан жарандардын
кызыкчылыктарын, экинчи жагынан – мыйзамдардын бардык талаптарын
эске алуу зарыл. Мурда керектүү экспертизалар дайындалып, жүргүзүлүп,
жерге мунапыс берүүнүн биринчи этабы башталган.
Бишкектиктердин бир бөлүгү жер үлүштөрүнө менчик укугун берген
“Кызыл китептерди” алышты. Чогулгандар бир нече сааттын ичинде жер
мунапысын берүү маселелерин деталдуу талкуулоого жетишишти.
Жолугушуунун аягында кызматтар жер мунапысы боюнча пайда болгон
маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.