“Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальниги Урмат Карыбаев Москвада 2-Каспий экономикалык форумуна катышат. Бүгүн Бишкектен барган расмий делегациянын алкагында Урмат Карабаев өзүнүн кесиптеши – Москванын башкы архитектору Сергей Кузнецов менен жолугушту.
5-6-октябрда өтүүчү форумда соода-экономикалык кызматташтык, транспорт жана логистика, ошондой эле шаардык инфратүзүм маселелери талкууланат.
Жолугушуунун жүрүшүндө москвалык кесиптештер бирдиктүү курулуш ченемдери жана талаптары боюнча шаарды курууну өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Ошондой эле, архитектура эстеликтерин кантип сактоо жана шаарларда сейил бак-маданий аймактарды ишке ашыруу жөнүндө айтышты.
Форумда Бишкек үчүн маанилүү болгон жол байланыш түйүндөрүн ишке ашыруу тажрыйбасы да көрсөтүлдү.
Программанын алкагында катышуучулар Москванын шаардык инфратүзүмүнүн бир катар объектилерине барышат, анда расмий делегацияга ишке ашырылган “Акылдуу шаар” тутумунун элементтери көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, форумдун программасы “жашыл экономика” жана туруктуу өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.