Биринчи чекит Чынгыз Айтматов проспектиндеги “Байчечекей”. Бул жерде документтери жок улап куруулар, жөө жүрүүчүлөргө жолтоо болгон мыйзамсыз штендерлер тротуарларга орнотулган, бир кездеги кооз дүкөн тамгалары көптөн бери жаңыланган эмес, бүгүнкү күндө эстетикалык жактан жооп бербейт. Капталган плиталар сыйрылып түшүп жана сынып калган, бирок оңдоп тартипке келтирүүгө эч ким камынган жок. Ушул жана башка көйгөйлөр жерине чыгуунун жүрүшүндө айтылды.
Андан ары, Айни көчөсү боюнча уюшулган массалык башаламан соодага шаардыктардан арыздар көп түшүүдө. Мындан сырткары, ушул эле жерде эч кандай уруксат документи жок “фудтрак” орнотулган.
Ленин районунун башкы архитектору Улан Айжигитовдун айтымында, акыркы мезгилде ар кандай жерлерде, эч кандай уруксат документтери жок орнотулган фудтрактардын жана коомдук тамактануу пункттарынын саны көбөйгөн.
Ушуга байланыштуу, “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси шаардык кызматтардан өз билемдик мененорнотулган объекттер боюнча жол берилген укук бузуу фактыларына чара көрүүнү өтүнүчү менен кайрылат. Бул, Тыналиев-Масалиев көчөлөрүндө Ала-Арча соода борборунун жанында тамак-аш даярдоо үчүн жабдылган автомобиль чиркегичтерине тиешелүү.
Ахунбаев-Садырбаев көчөлөрүндө орнотулган павильондорду жана ага чектеш аймакты талапка ылайык келтирүү зарыл. Ошондой эле, Гагарин көчөсүндө жайгашкан кичи-базардын сырткы көрүнүшү макулдашылган долбоорго шайкеш келбейт.
Гагарин-Боромбай көчөлөрүндөгү тоок-гриль сатуу боюнча түйүндөргө “Бишкекбашкыархитектура” ММсы тарабынан тигил-же бул уруксат документтери даярдалган эмес.
“Бишкекбашкыархитектура” ММнын орун басары Данияр Бапышовдун айтымында, мындай чыгуулар Бишкектин бардык райондору боюнча үзгүлтүксүз уюштурулат, андан кийин райондордун башкы архитекторлору жооптуу шаардык кызматтарга чара көрүү жана укук бузууларды жоюу өтүнүчү менен кат жөнөтүшөт.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.