Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын
 тапшырмасынын негизинде катуу тиричилик калдыктарын сорттоо(КТК) боюнча аянтчаларды уюштуруу маселеси боюнча адистердин комиссиялык чыгуусун уюштурду. Жолугушууга Октябрь районунун акиминин орун басары Өмүрбек Тайтелиев, шаардык кызматтардын өкүлдөрү, “Комтранском” ЖЧКсы, ошондой эле “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин Октябрь районунун башкы архитектору, Насипбек Маматисаев жана мекеменин адиси катышты. Жолугушууда райондун башкы архитектору чогулгандарга катуу тиричилик калдыктарын (КТК) сорттоо пунктун жайгаштыруу боюнча иштелип чыккан схема -сунушту көрсөттү. Адистер бул пилоттук долбоорду андан ары ишке ашырууну жана таштандыларды чыгаруу процессин талкуулашты. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги борбордогу экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча ушул сыяктуу демилгелерди колдойт жана “Бирдиктүү терезеге” өтүнмө келип түшкөндөн кийин кыска мөөнөттө бул долбоорду ишке ашырууну баштоо үчүн архитектуралык-техникалык корутунду даярдоого даяр.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.