Шаардык кызматтардын адистери Чүй проспекти менен Бейшеналиева жана Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындангы жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөккө долбоорлонуп жаткан аймактын инженердик тарамдарды чыгаруунун техникалык маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда “Бишкекгаз”, “Бишкексвет”, “Бишкексууканал”, “Түндүк электр”, “Электрокүч”, “Кыргызтелеком” өкүлдөрү, троллейбус башкармалыгы жана капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Курулуш мезгилинде троллейбустук таянычтарды жана чубалгыларын, ошондой эле байланыш операторлорунун кабелдерин, “Түндүкэлектр” таянычтарын жана “Бишкексвет”МИнин таянычтарын демонтаждоо жүргүзүлөт.
Ошондой эле инженердик тарамдарды жылдыруу жүзөгө ашырылат, булар канализация, суу түтүгү, жогорку чыңалуудагы кабелдик чубалгылар, газ түтүктөрү, ошондой эле байланыш чубалгылары.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси техникалык чечим кабыл алат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.