“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги
Урмат Карыбаев долбоорлордун башкы архитекторлору,
долбоордук компаниялардын жетекчилери жана долбоорлоочулар
менен жолугушту. Жолугушууга мамлекеттик мекеменин
начальнигинин орун басары Марат Жороев, бөлүмдөрдүн
начальниктери, Архитекторлор союзунун төрагасы Бейсен Кариев
жана башкалар катышышты.
Жолугушуу учурунда төмөнкү темалар талкууланды:

  • Архитекторлор тарабынан даярдалган долбоорлордун сапаты;
  • Архитектуралык-шаар куруу тапшырмаларын жакшыртуу;
  • Долбоордун башкы архитекторлорунун жана
    Бишкекбашкыархитектуранын пикири;
  • Эскиздик долбоор – сунушка алдын ала макулдашуу жүргүзүү
    жана долбоорлоонун бардык баскычтарында көзөмөлдөө (анын
    ичинде өрт өчүрүү кызматы менен алдын-ала макулдашуу).
  • Плагиатты жокко чыгаруу үчүн эскиздик долбоорлордун
    маалымат базасын түзүү сунушу.
    Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев пландар жөнүндө
    айтып берди жана борбордун көрүнүшүн жакшыртууга чакырды.
    Жолугушуунун аягында мындай чогулуштарды ай сайын өткөрүү
    жана шаар куруу, архитектура жана долбоордук документтерге
    байланыштуу конкреттүү маселелерди талкуулоо чечими кабыл
    алынды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.