Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги Урмат Карыбаев менен социалдык объекттерди жана турак үйлөрдү куруу долбоорун талкуулашты. Жолугушууга ошондой эле мамлекеттик мекеменин начальнигинин орун басары жана райондун башкы архитектору катышты. Урмат Карыбаев документтерди даярдоо процессин тездетүүнү тапшырды.
 
Бул долбоор Кувейт Мамлекетинен келген Шейх Абдулла Аннури атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланат жана Кыргызстандагы “Ассанабил” кайрымдуулук фонду менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.