“Бишкекбашкыархитектура” ММнын кызматкерлери “Кадастр” ММнын
Бишкек филиалы жана Ленин району боюнча муниципалдык
администрациянын өкүлдөрү менен бирге изилдөө жана жер участокторун
номерлөөнү тактоо үчүн жерине барышты. Мекеме тарабынан “Арча-Бешик”
турак жай конушунун курулуш схемасынын негизинде шаар куруу
корутундусу даярдалган.
Архивдик материалдарды изилдеп жана иш жүзүндө номерлегенден
кийин, комиссия бул маселени жөнгө салуу үчүн каралып жаткан турак жай
конушун куруунун макулдашылган схемасына түзөтүү (корректура) киргизүү
керектигин бир добуштан чечти.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.