“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги Урмат
Карыбаев орун басары жана сырткы жарнама бөлүмүнүн жетекчиси менен бирге борбордун ири жарнама агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурушту.
Чогулгандарга эскирген жарнама конструкцияларынан заманбап Led экрандарына этап-этабы менен өтүү зарылдыгы тууралуу айтышты. Бетачарда көрнөк-жарнактарды орнотуу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кандай конструкциялар колдонуларын ачык-айкын көрсөтүп, айтып беришти. Жарнама мейкиндиктеринин ээлери акыркы бир нече жыл ичинде мындай жолугушуу биринчи жолу болуп жаткандыгын жана алар диалогго даяр экендигин билдиришти. “Сиз бизди жарнак такталарынын темасын талкуулоого чакырганыңыз биз үчүн абдан жагымдуу, түшүнүү менен мамиле кылганыңыз кубандырат” деди жолугушууга катышкан адам. Өз кезегинде “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальниги Урмат Карыбаев шаарда шайкештик болуусу тийиш экендигин айтты:
“Мен шаарды ирээтке келтиргим келет, жарнама щиттери боюнча, орнотуудан мурун сиздин конструкцияңыздын дизайнына өзгөчө көңүл бурууну суранам, менин милдетим биздин шаарды заманбап жана кооз кылуу”. Компаниянын ээлери жана өкүлдөрү мындан ары талкуулоого даяр экендигин жана жарнаманы берүүнүн заманбап стилине өтүү мүмкүндүгүн билдиришти.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.