“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси борбордо электр дүрмөт чордондорун өз билемдик менен орнотпоону суранат. Бүгүн шаарда архитектуралык-техникалык корутундулары жок бир нече электр дүрмөт чордондору орнотулган. Мамлекеттик мекеме дүрмөт комплекстерин жайгаштыруу жана мындай чордондордун тармагын өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептейт. Бул маселени ыкчам чечүү үчүн мамлекеттик мекеме дүрмөт чордондорун жөнөкөйлөтүлгөн схема боюнча жана кыска мөөнөттө жайгаштырууга документтерди жол-жоболоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.