Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев борбор калаанын башкы көчөлөрүнүн бири – Байтик Баатыр көчөсүн эртең менен кыдырып чыкты. “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальниги тарабынан орун басарларына, райондордун башкы архитекторлоруна, ошондой эле бөлүмдөрдүн башчыларына өз ыйгарым укуктарынын чегинде көп жылдык көйгөйлөрдү жоюуну баштоо тапшырылды. Тактап айтканда, ал кесиптештерин Шаардык кызматтар менен тыгыз иштөөгө үндөдү. Кыдырып- текшерүүнү “Түштүк дарбазасы” архитектуралык-көркөм ансамбилдин эстелигинен баштоону чечишкен. Кыдырып-текшерүү учурунда кир, таштанды, иштебей турган фонтандар жана башка көптөгөн көйгөйлөр айтылды. Андан кийин мамлекеттик мекеменин жетекчилиги райондук архитекторго мисал катары бир “фаст-фуд” объектинин фасадын жаңыртуу бөлүгүндө, чарба объектисинин ээси менен бирдикте маселени иштеп чыгууну жана жарнамалык белгилерди бирдиктүү стилге келтирүүнү сунуш кылды.
“Түштүк дарбазадан ” тартып М.Горький көчөсүнө чейин Байтик Баатыр көчөсүн бойлоп “Бишкекбашкыархитектура ” мамлекеттик мекемесинин башчысы шаардыктардын жана борбордун конокторунун жашоо-турмушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, кырдаалды кантип жакшы жакка өзгөртүүгө болорун айтып берди жана көрсөттү. Ал Япониянын мисалында, кичинекей кароосуз калган аймакта кантип коомдук мейкиндикти уюштурууга болорун көрсөттү.
Байтик Баатыр көчөсүн жогорудагы бөлүгүн кыдыруу аяктагандан кийин, ушуга окшогон көчөрдү кыдырууну үзгүлтүксүз улантуу чечими кабыл алынды. У.Карыбаевдин ою боюнча, мындай жол менен кызматкерлер көйгөйдү ордунан аныктап, аны мүмкүн болушунча ыкчам чечүүгө аракет кылышат.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.