2022-жылдын 5-июлунда “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинде Манас айыл көчөсү боюнча “Манас айылын” кайра конструкциялоонун эскиздик долбоорун иштеп чыгууга ачык архитектуралык конкурска катышуу үчүн конкурстук долбоорлорду кабыл алуу аяктады. Конкурска катышуу үчүн 14 долбоордук сунуш келип түшкөн.
 “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин конференц-залында конкурстук иштерди көрүү үчүн ачык көргөзмө уюштурулду.
 Каалоочулар көргөзмөгө келе алышат, кирүү Турусбеков көчөсү тараптан.
 Бекитилген Программага жана шарттарга ылайык, бул сынак үстүбүздөгү жылдын 6-июнунан 5-июлуна чейин, коомдук талкуулар 6-июлдан 7-июлга чейин жарыяланган, жыйынтыктарды чыгаруу калыстар тобунун жыйынында 8-июлга пландалууда.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.