Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин демилгеси менен “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальниги Урмат Карыбаев, жол-транспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн адистери, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтарынын өкүлдөрү Шукуров көчөсүнүн жашоочулары менен жолугушушту. Бул көчөнүн жашоочулары буга чейин макулдашылган жана бекитилген долбоорду толук изилдөөнү суранышты. Борбордун башкы архитектору Урмат Карыбаев шаар тургундарына жолдун курулушу Бишкек шаарынын бардык кызматтары менен макулдашылган долбоорго ылайык жүрүп жаткандыгын айтты. Ал долбоордон эч кандай четтөө жок экендигин белгиледи. Жолугушуу аяктагандан кийин, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Шукуров көчөсүнүн жуп жана жуп эмес үйлөрүнүн жашоочуларынын ичинен жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алды.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.