Бүгүн 24-июнда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаевдин буйругу менен “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин кызмат ордуна Урмат Карыбаев дайындалды. Мамкурулуштун директору Нуртазин Джетыбаев жана Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев жамаатка жаңы жетекчини тааныштырышты.
Карыбаев Урмат Карыбаевич 1984-жылы туулган. Өзүнүн эмгек ишмердигин 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктагандан кийин баштаган.
Эмгек ишмердиги:
2002-жылдан 2007-жылга чейин — “АОиК” Архитектуралык-дизайнердик студия” ЖЧКсында жана “Архитектор “Ороз Байгожо” студиясы” ЖЧКсында архитектор-практикант катары иштеген.
2007-жылдын октябрынан “К-Жетиген” ЖЧК архитектуралык фирмасына долбоордун башкы архитектору жана шаар куруу боюнча архитектордун кызматын айкалыштырып вице-президент кызмат ордуна кабыл алынган.
2018-жылдан 2020-жылга чейин – Мамкурулуштун директорунун коомдук башталмадагы кеңешчиси.
2019-жылдын майынан “К-Жетиген” архитектуралык-курулуш фирмасынын президенти болуп дайындалган.

Илимий ишмердиги:
2009-жылдан тартып КРнын Архитекторлор бирлигинин мүчөсү болуп саналат;
2013-жылы “Архитекторлор үчүн кесипкөй бизнес программа” курсунан өткөн, Нью-Йорк, (Америка Кошмо Штаттары);
2014-жылы “Курулуш технологиясы сейсмологиялык чөлкөм” курсунан өткөн, Токио шаары, Япония;
2017-жылы урбанисттер үчүн өзгөчө шаарды түзүү темасы боюнча семинардан өткөн, Сингапур шаары;
2018-жылы “Жарандык жана коммерциялык курулушта энергиянын натыйжалуулугу жана калыбына келтирилүүчү энергия булактары” темасына Sabit -АКШнын Соода министрлигинин алдындагы атайын америкалык ишкер такшалмалар программасынын бүтүрүүчүсү;
2020-жылдын июнунда “SE МВА Ргоjесt Management” долбоорлорду башкаруунун эл аралык академиясында окуудан өткөн, Нью-Йорк шаары;
2021-жылдан “AIА” америкалык архитекторлор институтунун жамаатынын мүчөсү;
2022-жылдын 24-июнунан “Бишкекбашкыархитектура” ММнын начальниги.

By editor

Leave a Reply

Your email address will not be published.