Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын топографиялык сүрөткө тартуу жана шаардык аткаруу бөлүмүнүн башчысы Иманбек Чороев К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттик экзамендик комиссиянын ишин жетектеди.

Комиссия бир нече күндүн ичинде “Геодезия жана аралыктан зонддоо” багыты боюнча билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик экзамендерин кабыл алып, бүтүрүү квалификациялык иштеринин коргоо процессине катышты.

Иманбек Чороев бүтүрүүчүлөргө куттуктап, жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүүнү, өз билимине ишенимдүү болууну жана мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Коргоонун жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр геодезия, картография, топография жана Жерди аралыктан зонддоо жаатында окуу жылдарында алган билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүштү. Алар өз долбоорлорун сунуштап, профилдик дисциплиналар боюнча суроолорго жооп беришти.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.