Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында геомаалыматтык системаларды, геопорталдарды, ачык карталарды жана заманбап картографиялык сервистерди иштеп чыгууга адистешкен Россиянын Gems Development компаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга башкармалыктын жетекчилиги, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары жана адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү шаар куруу, архитектура жана аймактык пландаштыруу тармагындагы маалыматтары менен натыйжалуу иштөөгө багытталган заманбап санариптик чечимдерди сунушташты.

Өзгөчө көңүл геоаналитикалык платформанын мүмкүнчүлүктөрүнө, геопорталдарды түзүү жана коштоо инструменттерине, маалыматтарды визуалдаштырууга, аймактарды башкарууга, ошондой эле шаар куруу ишмердүүлүгүндөгү процесстерди автоматташтырууга бурулду. Мындан тышкары, ар кандай маалымат булактарын бирдиктүү маалыматтык чөйрөгө интеграциялоо, ачык мейкиндик маалыматтарын жарыялоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар архитектура жана шаар куруу органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап геомаалыматтык технологияларды киргизүүнүн келечегин, ошондой эле шаар аймагын башкаруу процесстерин мындан ары санариптештирүүнүн негизги багыттарын талкуулашты

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.