Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан шаардын батыш бөлүгүндө, Ю. Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан скверди көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Долбоорлоо жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 1,3 га түзөт.
Долбоордун негизги максаты – шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап, коопсуз, функционалдык жана эстетикалык жактан жагымдуу коомдук эс алуу мейкиндигин түзүү, ошондой эле аймактын архитектуралык-ландшафттык сапатын жогорулатуу.
Сквердин аймагы төмөнкү функционалдык жайларга бөлүнгөн:
• эс алуу жайы (отургучтар, көлөкө чатырлар);
• балдар ойноочу аянтча;
• воркаут (спорттук) жайы;
• амфитеатр;
• жөө жүрүү жана велосипед жолдору;
• унаа токтотуучу аймак.
Аймакта учурдагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып калат. Кошумча түрдө жергиликтүү климатка ылайык келген жаңы бак-дарактардын жана декоративдик өсүмдүктөрдүн көчөттөрү отургузулат. Жашылдандыруу аянты 5 064 м² түзөт.
Скверде эки түрдүү жарыктандыруу шаймандары, эки типтеги отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар каралган. Бардык элементтер бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылды.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.