Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана жамааты биздин өлкөнүн жаш жарандарын Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктайт!
Бишкекте гана эмес бүткүл Кыргызстан боюнча өсүп келе жаткан муундардын бактылуу келечеги үчүн, заманбап мектептерди, бала бакчаларды, спорттук, маданий-көңүл ачуучу жана социалдык объекттерди куруу жана долбоорлоо иштери кеңири жүрүп жатат.
Балдардын баарына бекем ден соолук, бактылуу жана түйшүксүз балалык, ишенимдүү досторду, жаркын таасирлерди жана өзүн-өзү өстүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү каалайбыз.
Майрамыңыздар менен!