Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында 2026-жылдын 25-майынан тартып, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга архитектуралык-техникалык корутунду алууга, дизайн-кодго ылайык эскиздик долбоорлорго, имараттын фасадынын паспортуна, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды алуу үчүн электрондук форматта арыз тапшырууга болот. 


Бул чара, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарылыгын аткаруунун алкагында ишке ашып, өлкөдө заманбап санариптик чечимдер активдүү жайылтылууда.


Ошондой эле бул чара кызматтарды электрондук форматка которуу процесстерининачыктыгын жогорулатат, бардык этаптарды автоматташтырууну камсыздайт, адам факторунун таасирин азайтат жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга өбөлгө түзөт.


Архитекторлорду, долбоорлоочуларды жана арыз берүүчүлөрдү жеке кабинеттерди активдүү колдонууга, ошондой эле арыздарды онлайн режиминде тапшырууга чакырабыз.


Жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетиңизди каттоо үчүн cabinet.bga.gov.kg порталына өтүңүз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.