Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.
Анын алкагында шаардык кызматтар менен биргеликте Бишкек шаарынын дизайн-кодуна туура келбеген тышкы жарнамаларды, көрнөктөрдү жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рейддик иш-чаралар Чүй проспектисинде Фучик көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, ошондой эле Жибек Жолу проспектисинен Аалы Токомбаев проспектисине чейинки тилкелерде жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү максатында электрондук кызмат көрсөтүү системасы ишке киргизилди. 2026-жылдын 25-майынан тартып архитектуралык-техникалык корутундуларды алуу, эскиздик долбоорлорду макулдашуу жана фасаддык паспортторду тариздөө үчүн арыздарды онлайн берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бул чаралар кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Сырткы жарнамаларды шаардык дизайн-коддун талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иштер улантылат.
Жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен таанышуу жана жеке кабинетке катталуу үчүн cabinet.bga.gov.kg порталына кайрылсаңыздар болот.