5-майда маанилүү мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүн белгилейбиз.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы, Сиздерди Кыргыз Рсепубликасынын Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Конституция мамлекетибиздин бекем негизи, жарандардын укуктары менен
эркиндиктеринин кепилдиги, мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн жана элдин биримдигинин символу болуп саналат. Өлкөнүн башкы мыйзамына киргизилген дал ушул принциптердин негизинде коомдун өнүгүшү, мамлекеттүүлүктүн чыңдалышы жана эртеңки күнгө болгон ишеним курулат.

Бул маанилүү күндө баарыңыздарга тынчтык, бакубатчылык, ынтымак, туруктуулук жана Мекенибиздин гүлдөп өсүшү үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.

Ар бир үйдө тынчтык, сый-урмат жана келечекке болгон ишеним өкүм сүрсүн, ал эми биздин өлкө жыл сайын күчтүү, заманбап жана ийгиликтүү болсун.
Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен!

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.