Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана жамааты Улуттук тазалык күнүнө арналган республикалык ишембиликке катышышты.
Адистер Байтик айылындагы бекитилип берилген участокто арыктарды жана жол жээктерин пластикжана айнек бөтөлкөлөрүнөн, пакеттерден жана башка тиричилик калдыктарынан тазалашты.
Шаардыктарды жана борбордун конокторун коомдук жерлерге таштанды таштабоого чакырабыз.











