Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан кызмат көрсөтүү келишимдерин түзүүдө, келишимдерге кол коюу жана юридикалык жактын мөөрүн басуу боюнча тапшырыкчылардан (ишеним кат боюнча өкүлдөрдөн) келип түшкөн кайрылуулардын көптүгүнө байланыштуу, башкармалык түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 200, 203 беренелерине ылайык, өкүлчүлүк ишеним каттын негизинде жүзөгө ашырылат.
Ишеним кат – бул бир адамдын башка адамга үчүнчү жактардын алдында анын кызыкчылыктарын көрсөтүү үчүн берген жазуу жүзүндөгү ыйгарым укугу, ошол эле учурда өкүлдүн ыйгарым укуктарынын мазмунун жана көлөмүн тастыктайт.
Берилген ишеним каттарды талдоо көрсөткөндөй, көп учурда аларда толук кандуу өкүлчүлүк кылуу үчүн зарыл болгон негизги ыйгарым укуктар жок. Атап айтканда, өкүлдүн көрсөтүлгөн кызматтар үчүн мамлекеттик алымды төлөөгө, төлөм тапшырмаларына кол коюуга, ишеним берүүчүнүн атынан келишимдерге кол коюуга укугу көп учурда көрсөтүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 201-беренесинде берилгендей, бүтүм жасоого укук берилбеген адам тарабынан же берилген укугунан аша чабуу менен башка адамдын атынан түзүлгөн бүтүм, өкүлдүк кылууну тапшыруучу тарабынан бул бүтүм кийин жактырылган учурда гана өкүлдүк кылууну тапшыруучу үчүн граждандык укуктарды жана милдеттерди түзөт, өзгөртөт жана токтотот.
Демек, көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын жоктугу документтерди жол-жоболоо, төлөө жана алуу процессин кыйындатышы мүмкүн. Буга байланыштуу, башкармалык ишеним каттардын мазмунун алдын ала кылдаттык менен текшерүүнү жана “Бирдиктүү терезе” ДККБ аркылуу кызматтарды алууда кечигүүлөрдү болтурбоо үчүн, аларга бардык керектүү ыйгарым укуктарды киргизүүнү сунуштайт.