Бишкек шаарынын экинчи даражадагы көчөлөрүндө жайгаштыруу эрежелерине жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды жана интернет чубалгыларын демонтаждоо башталды.

Шаардык кызматтар дизайн-коддун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында, Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектине чейин демонтаждоо иштерине киришти.

Буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери, Бишкек шаардык кызматтары менен биргеликте бекитилген дизайн-кодго ылайык келбеген фасаддык конструкцияларды демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берген.

Демонтаждоо иштери Киев көчөсүнөн сырткары Токтогул, Москва жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө да жүргүзүлөт.

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы ишкерлерди жана шаар тургундарын архитектуралык-техникалык корутундуларды алуу үчүн онлайн арыз берүүгө чакырат.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетиңизди каттоо үчүн cabinet.bga.gov.kg порталына өтүңүз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.