Борбор калаада Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагында өткөрүлө турган иш-чараларга даярдык көрүү максатында имараттардын фасаддарын реставрациялоо жана жаңылоо иштери башталды.


Бул багыттагы иштерди координациялоо Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатат. Атап айтканда, шаардын бекитилген дизайн-кодуна ылайык, жеке архитекторлор менен биргеликте имараттардын фасаддык паспорттору иштелип чыгып, белгиленген тартипте макулдашылууда.


Башкармалыктын адистери муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жеринде иштерди жүргүзүп, объекттердин менчик ээлерине жана чарбалык субъекттерге түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.


Мындан тышкары, ишкерлерге жана объект ээлерине фасаддарды жасалгалоо боюнча туруктуу негизде консультациялык колдоо көрсөтүлүүдө. Бул чаралар шаардык чөйрөнүн бирдиктүү архитектуралык стилин калыптандырууга өбөлгө түзөт.


Жүргүзүлүп жаткан иштер борбор калаанын эстетикалык келбетин жакшыртууга, архитектуралык талаптарды сактоого жана Бишкек шаарынын заманбап, көрктүү жана шайкеш көрүнүшүн камсыз кылууга багытталган.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.