Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нурдин Есенбаев жарандарды жеке кабыл алууну жүргүздү.


Бүгүн, кабыл алууга борбордун 15 тургуну, негизинен жер менен байланыштуу маселелер боюнча кайрылышкан.


Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында, жарандардын кайрылуулары менен иштөө системалуу жана алдын ала түзүлгөн, адистер архивдик материалдарды изилдеп, кайрылуу боюнча бардык керектүү маалыматтарды даярдашат. Бул болсо маселелерди ыкчам кароого гана мүмкүндүк бербестен, жарандарга алардын чечилишинин дайындуу, мыйзамдуу жана түшүнүктүү жолдорун создуктурбай жана ашыкча тоскоолдуктарсыз чечүүгө мүмкүндүк берет.


Иштин мындай форматы башкармалыктын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга, жарандардын ишенимин бекемдөөгө жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган.


Борбор калаанын тургундары кайрылуунун мазмунун көрсөтүп жана байланыш маалыматтарын калтырып, 45-41-65 телефону аркылуу начальниктин орун басарларынын жеке кабыл алуусуна жазыла алышат.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.