Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери 2026-жылдын 12-апрелинен тартып шаар куруу корутундусун даярдоо үчүн документтерди электрондук түрдө гана кабыл алышат.


Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, өлкөдө заманбап санариптик чечимдер активдүү киргизилип жатат.


Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы арыз ээлеринин арыздарын кабыл алууну жеке кабинеттери аркылуу электрондук форматта улантууда.


Кызматтарды электрондук форматка которуу, жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга жана процесстерди автоматташтырууга, кызмат көрсөтүүнүн бардык этаптарын каттоого жана адам факторун кыскартуу аркылуу коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.


Архитекторлорду, долбоорлоочуларды жана арыз берүүчүлөрдү жеке кабинеттерин активдүү колдонууга жана онлайн режиминде арыз берүүгө чакырабыз.


Электрондук форматта жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетти ачуу үчүн cabinet.bga.gov.kg порталына кирүүгө болот.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.