Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери электрондук документ жүгүртүү, санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына келишти.
Бишкек шаарынын башкы архитектору Медербек Кыдырмаев кесиптештери менен жолугушуп, мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө санариптик чечимдерди киргизүүгө, процесстердин ачыктыгын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө башкармалыктын башчысынын орун басары Арсен Кыдыралиев, ошондой эле тармактык бөлүмдөрдүн жетекчилери иштин практикалык аспектилерин кеңири көрсөтүштү. Конокторго санариптештирүү процесстерди кантип жөнөкөйлөштүрүп, арыздарды кароонун бардык этаптарынын ачыктыгын камсыздап, адам факторунун таасирин азайтып, ошону менен коррупциянын алдын алууга көмөктөшөөрүн көрсөтүштү.
Электрондук кызматтарга өтүү, өтүнмө ээлерине жеке катышуунун зарылдыгы жок эле кызматтарды алыстан алууга мүмкүндүк берет, бул болсо расмий эмес практикаларды жокко чыгарат жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин арттырат.
Мындай жолугушуулар кесиптик өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, архитектура жана шаар куруу тармагында заманбап, ачык жана отчеттуу системаны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.






