Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жыйындар залында Мыкан айылынын тургундары менен жолугушуу болуп өттү.

Башкармалыктын начальнигинин орун басары Нурдин Есенбаев мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү менен биргеликте, экинчи токтомдун негизинде укук белгилөөчү документтерди жол-жоболоо маселесин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Аламүдүн филиалы (мындан ары — Аламүдүн филиалы) укук белгилөөчү документтерде дал келбөөчүлүктөр: бир эле жер участогунун аянты жөнүндө ар кандай маалыматка ээ эки токтомдун бар экендигин билдирген.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Комиссия укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин бар экендиги жөнүндө маалыматты тактоо үчүн Аламүдүн филиалында кайрадан жолугушуу өткөрүү чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаары менен Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун ортосунда жерлерди, анын ичинде Мыкан айылын кабыл алуу – өткөрүп берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн кошумча билдиребиз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.