Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үндөрү кыргыз радиосунун эфиринде жаңырат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мамлекеттик тил жаатындагы саясатына ылайык, кыргыз элинин руханий мурасы – “Манас” эпосун, анын трилогиясын (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) изилдөө жана популяризациялоо максатында, “Кыргыз тили” улуттук комиссиясы Улуттук телерадиоберүү компаниясы менен биргеликте “Манас” эпосун проза түрүндө көркөм окуу иш-чарасын өткөрүп жатат.

Жакыпбековдун “Теңири Манас” китебин көркөм окууга башкармалыктын шаар курууну пландоо жана райондук архитекторлор бөлүмдөрүнүн адистери катышышты.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.