Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчилиги жана жамааты ишембиликке катышты.

Иш-чаранын алкагында аймакты санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, атап айтканда, Чортеков көчөсүнүн Күйүковадан Айнага чейинки бөлүгү таштандылардан тазаланды.

Мындан тышкары, Бишкек башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгы аталган аймакта келечекте курула турган бульвардын эскиздик долбоорун даярдады. Долбоордо балдар ойноочу аянтчалар, эс алуу зоналары жана шаар тургундары менен борбор калаанын коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн көрктөндүрүү элементтери каралган.

Даярдалган долбоор андан ары кароо жана ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлдү.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.