Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, өлкөдө заманбап санариптик чечимдер активдүү киргизилип жатат.

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы, арыз ээлеринин жеке кабинеттери аркылуу электрондук форматта арыздарды активдүү кабыл алууну улантууда.

Кызматтарды электрондук форматка которуу, жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга жана процесстерди автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүнүн бардык этаптарын каттоо жана адам факторун азайтуунун эсебинен коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга мүмкүндүк берет.

Электрондук форматта жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен cabinet.bga.gov.kg порталынан таанышып, жеке кабинетиңизди ачсаңыз болот. Биз архитектор, долбоорлоочу жана арыз берүүчүлөрдү жеке кабинеттерин активдүү колдонууга жана арыздарды онлайн берүүгө чакырабыз.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.