Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөдө заманбап санариптик чечимдер жигердүү киргизилип жатат.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы, арыз ээлеринин жеке кабинеттери аркылуу арыздарды электрондук форматта активдүү кабыл ала баштады.
Кызматтарды электрондук форматка которуу – жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга жана процесстерди автоматташтыруу, кызмат көрсөтүүнүн бардык этаптарын каттоо жана адам факторун азайтуу аркылуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга мүмкүндүк берет.
Биз, санариптик чечимдерди жигердүү пайдаланып, “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө келбей эле документтерди аралыктан берип жаткан архитекторлор менен маектештик. Бардык архитектор, долбоорлоочуларды жана арыз берүүчүлөрдү жеке кабинеттерин активдүү колдонууга жана арыздарды онлайн берүүгө чакырабыз.
cabinet.bga.gov.kg. порталында электрондук форматта жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен таанышууга жана жеке кабинетти ачууга болот.
https://www.youtube.com/watch?v=BjPx_zpKAj4




