Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан Джаманбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде маданий борбордун долбоору иштелип чыккан.
Долбоор менен 420 көрүүчү орунга концерттик залды, музейди жана көргөзмө залдарын, окуу кабинеттерин, террасаларды, ошондой эле көмөкчү жана техникалык жайларды, коммерциялык жана административдик жайларды жайгаштыруу каралган.
Долбоордо жалпы сыйымдуулугу 90 дон ашуун машина орунга жер астындагы жана коноктор үчүн авто унаа токтотмосун жайгаштыруу белгиленген. Маданий борбордун айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт: анда дарактарды отургузуу, жөө жүрүүчүлөр зонасын уюштуруу жана жергиликтүү тургундардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү каралган.
Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруу шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга жана борбордун жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндикти түзүүгө багытталган.


