Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жамааты, Сиздерди эл аралык аялдар күнү – 8-Март майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Биздин сүйкүмдүү жубайларыбыз, апаларыбыз, чоң энелерибиз, кыздарыбыз, эжелерибиз, кесиптештерибиз – силер аялзатынын, сулуулуктун жана назиктиктин чыныгы үлгүсүсүңөр. Убакыт өзгөрөт, бирок силер туюнткан баалуулуктар – сүйүү, үй-бүлө, энелик, камкордук – өзгөрбөйт. Ошол эле учурда, Сиз шаар куруу тармагын, архитектураны өнүктүрүүгө жана борбор шаарыбыздын заманбап көрүнүшүн калыптандырууга олуттуу салым кошуп, ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырып, өзүңүздү кесиптик чөйрөдө да көрсөтүп келесиз.

Эл аралык аялдар күнүндө биздин башкармалыктын эркектери бардык аялдарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, карьералык өсүү, жакшы маанай, тынч асман каалайт! Бардык каалоолоруңуз жана кыялдарыңыз орундалсын.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.