Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Свердлов району боюнча башкы архитектору жана шаардын башкы сүрөтчүсү райондук акимиат менен биргеликте Ж. Абдрахманов көсөсү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча имараттардын фасаддарын Шаардын Дизайн-кодуна (2-этап) ылайык келтирүү максатында көчмө жыйын өткөрүшту.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ар бир имарат боюнча негизги көйгөйлүү маселелер аныкталды, анын ичинде:

• Кондиционерлерди жана кабелдик линияларды жайгаштырууну тартипке келтирүү;

• Балкондорду бирдиктүү архитектуралык талаптарга келтирүү;

• Фасаддардын сыртын жаңылоо;

• Архитектуралык түнкү жарыктандырууну уюштуруу.

Фасаддарды белгиленген талаптарга ылайык келтирүү иштери аба ырайынын жагымдуу шарттары түзүлгөндөн кийин башталат. Жакынкы күндөрү ушундай көчмө жыйындар борбор калаанын башка райондорунда өткөрүлөт.

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.