Ар бир долбоордун жана чечимдин артында, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистеринин системалуу иши турат. 2025-жылы 58 миңден ашык кайрылуу катталып, 2700дөн ашык долбоор макулдашылды, 12,5 миң топографиялык сүрөткө тартуу аткарылды, санариптик тейлөө жана электрондук документ жүгүртүү активдүү киргизилди.
Техникалык база жаңыланды, маанилүү шаардык долбоорлор ишке ашырылды, инженердик жана транспорттук инфратүзүм күчөтүлдү, коомдук жайлар көрктөндүрүлдү. Мунун баары борбор калаанын мындан аркы өнүгүүсү үчүн бекем негиз болуп калды. Бишкек заманбап, ыңгайлуу жана туруктуу келечекке карай ишенимдүү жылып баратат.

 https://youtu.be/vt_-yjhnQMM

By odmun

Leave a Reply

Your email address will not be published.